Кыргызстанга Кытайдын Ухань шаарынан 18 студент алып келингендигин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Бүгүн 18 студент атайын борт менен Нур-Султан шаарынан алып келинди. Алар аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өттү. Учурда алар Бишкектин чет жакасындагы оорукананын алар үчүн атайын каралган бөлүмүнө жаткырылды. Эки аптадай карантинде кармалат", — деп айтылат маалыматта.
Алар менен азырынча байланышта медицина кызматкерлери гана болуп турары айтылды.
Буга чейин Sputnik Казакстан бүгүн, 2-февралда, Казакстан аркылуу кыргызстандык 18 студент алып келингенин маалымдаган. Алар өз мекенине (Кыргызстанга – ред. ) учуп кеткенин жазган.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков Sputnik Кыргызстандын кабарчысына азырынча кооптуу эч нерсе жок экендигин айтты.
Ал эми 1-февралга берилген маалыматтарда Кытайдан 28-январдан 1-февралга чейин 196 адам келген, анын 182си кыргызстандык болсо, 13 киши — Кытайдын, бир адам башка мамлекеттин жараны экени кабарланган. Алардын ичинен жети адам Сокулук районунун ооруканасында жана Беш-Күнгөй айылындагы госпиталда дарыгерлердин көзөмөлүндө турганы айтылган.
Коронавирус тууралуу
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын кабарлаган. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган. Жакында ДСУ Кытайдагы вирус жараткан абалды эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады.
Коронавирус Кытайдан тышкары 20дан ашык мамлекетке жетип, 100дөн ашык адам вирусту жуктурган. Ал эми Кытайда оорудан 304 адам каза таап, 14 380ге чукул киши ооруп жатат. Бейтапканадан чыккандардын саны — 328.
Кыргызстан көргөн чаралар
Ушу тапта бардык чек аралардагы көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек менен Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык-карантиндик көзөмөл жайлары иштеп, Кыргызстандын чек арасын кесип өткөн жарандар тиешелүү текшерүүдөн өтүп жатышат. Өкмөт кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери убактылуу жабылып, аба каттамдары токтотулганын кабарлаган.
Өкмөт тарабынан коронавирустун өлкө аймагында жайылышын алдын алуу үчүн иш-чаралардын планы бекитилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда бет кап жана вирустук инфекцияларга каршы дары-дармектер жетиштүү экендигин эскерткен.