31 января 2020
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Момбековду кармоо учурунун видеосун жөнөттү.
Ал шаардык жаңы базардын аймагынан 29-январь күнү колго түшкөн.
Финполдун маалыматына караганда, директор 143 миң сом (1800 евро) пара алууга шектелип жатат. Башкармалыктын жетекчиси жарандын чет өлкөгө ишке орношуусу үчүн медициналык справка жана башка документтерди даярдап берүү үчүн акча талап кылган деп айыпталууда.
Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат.