Кылмыш материалы жок туруп абакта 11 жыл жаткан аял эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ күнү, 30-январда, аял акыйкатчынын кеңсесине телефон чалып, түрмөдөн чыкканын айтуу менен ыраазычылык билдирген. Чечимди Токмок шаардык соту кабыл алган.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, кыргызстандык аял кезинде биринчи инстанциянын чечимине макул эместигин айтып Чүй облустук сотуна даттанган. Натыйжада сот биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Токмок шаардык соту болсо ишти үч ирет шаардык прокуратурага жиберген. Бирок үчүнчү жолкусунда кылмыш материалы жоголуп кеткен. Буга ким күнөөлүү экенин соттон дагы, прокуратурадан дагы эч ким түшүндүрүп бере алган эмес.
Натыйжада аял биринчи инстанциядагы соттун чечими менен 25 жылга кесилип, абакта 11 жыл отурган. Ал адам өлтүрдү деп айыпталган. Бирок 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы Кылмыш кодексинде мындай кылмышка эң көп дегенде 20 жыл берилери көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Акыйкатчы институту тергөө абагындагы бир күн эки күн деп эсептелерин жүйө келтирип, аял ал жакта беш айдан ашык убакыт өткөргөнүн маалымдады. Мындан тышкары, аял абакта 11 жыл отурганын, ага карата 2015-жылы эле амнистия колдонулушу керектиги белгиленди.
Акыйкатчы институтуна Башкы прокуратурадан дагы жооп келди, ага ылайык, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы кылмыш материалынын жоголуп кетиши боюнча тергөө ишин баштады.