Гонконгдогу илимпоздордун тобу коронавируска каршы вакцина иштеп чыкты. Бул тууралуу Гонконг университетинин микробиологуна таянуу менен South China Morning Post гезити жазып чыкты.
Профессор Юэн Квок-Юнгдун айтымында, дары жаныбарлардын жардамы менен сыноодон өтөт.
"Биз вакцина иштеп чыктык. Бирок аны жаныбарларда сыноо үчүн өтө узак убакыт керектелет", — деди илимпоз.
Маалыматта сыноо иштери бир нече айга созулушу мүмкүн экени, ал эми адамдарга клиникалык сыноого кеминде бир жыл кетери айтылат.
Окумуштуулар кадимки гриппке каршы вакцинаны модификациялап, ага коронавирустун антигенинин бөлүгүн кошушкан. Мындай вакцина грипптин күчөшүнө жол бербей, бул өпкө оорусун шарттай турган коронавируска каршы турат.
Буга чейин Шанхай университетинин алдындагы Тунцзи госпиталы жана Stermina биологиялык компаниясы коронавируска каршы мРНК-вакцинаны иштеп чыгуу үчүн долбоорду бекиткен. Дарыны кадимки препараттардан эртерээк даярдоого болот. Муну менен бирге АКШнын Johnson&Johnson компаниясынын илимий кызматкери Пол Стоффелс вакцина иштеп чыгуу аракеттери жигердүү жүрүп жатканын, дары жакынкы айларда чыгып калышы ыктымал экенин билдирген.
Оорунун чоо-жайы
Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Ал Кытайдан тышкары Азия өлкөлөрүндө жана АКШ, Францияда катталды.
Кыргызстанда бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган. Ошондой эле өкмөт 23-январдан тарта Кытай менен бардык аба жана автоунаа каттамдарын токтотууну чечти.