Комиссиянын төрагасы, депутат Таабалды Тиллаев Кесиптик бирликтерге жылына мамлекеттен 300 миллион сом бөлүнүп, жумушчулардан чогулган акчаны (маянасынын бир пайызы которулат) кошкондо бюджети бир миллиард сомго жетерин кошумчалады. Бирок ошого карабай, ден соолукту чыңдоо мекемелери мышык ыйлагыдай абалда экенин айтты.
"Ирилеринен айтайын, бүгүнкү күндө "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийи менен "Жалал-Абад" курорту кароосуз калып, жерлери сатылып кеткен. Бир райондо 1300 мугалим болсо, бир жылда алардын 60 пайызы гана курортко жиберилиптир. Ал эми "Кумтөр" ишканасы 8000 жумушчунун 1300үн эс алууга жөнөткөн", — деди Тиллаев.
Мындан сырткары, депутат профсоюз уюмунун башчылары кол алдындагылардын үй-бүлөсүнө бүлүк салгандан кайра тартпай калганына таң калды.
Ал эми Кожобек Рыспаев Кесиптик бирликтин башында тургандар учурда жүз миңдеп айлык алышарын айтты. Ал эми тоо-кен металлургия тармагын караган Алмазбек Жакыпов 2014-жылы айына 400 миң сом алып турганын белгиледи. Азыркы куратор Элдар Тажибаев бир жолу 244 миң сом, кийин такай 125-130 миң сом маяна алганын кошумчалады.
Депутаттык комиссия профсоюз уюмунун башчыларынын алешем иштери тууралуу 20дан ашык факты табылганын билдирди. Анда каржылык мыйзам бузуулар, мүлктөрдүн сатылып кетиши, өзүнө ыйгарып алышы жана кадрдык маселелер айтылууда. Мындан улам, Рыспаев башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевден ишти эртерээк иликтеп чыгышын суранды.
"Буга чейин 10дон ашуун кылмыш иши ачылып, бири да аягына чыккан эмес. Сиздер кылмыштын курамы бар экенин аныктап, тез арада парламентке алып келсеңиздер. Экс-президенттин ишинде "шектүү деп саналды, иш козгоого негиз бар" деп үч күндүн ичинде келгенсиздер. Бул бир күндө кылчу нерсе да, себеби баары оркоюп көрүнүп турат. Сиздердеги материалдар боюнча үч жылдан бери тергөө жүрүп, жыйынтык жок болууда", — деди депутат.
Буга чейин депутаттар Кесиптик бирликтердин укуктарын кайрадан ыраатташтыруу үчүн мыйзам долбоорун сунуштап, экинчи окуудан өткөн. Бирок Кесиптик бирликтердин федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы чыккан. Бул мыйзам талкууга түшкөндүктөн талдоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Аталган мыйзамга 1998-жылдан бери өзгөртүү киргизиле элек. Сунушталган долбоор кызматкерлердин жаш курагын 65тен ашырбоо, чогулган каражаттын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.