Түркмөнстанда дарыгерлерге мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынды

28 января 2020 Түркмөнстанда дарыгерлерге мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынды

Ашхабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефондорун башкы дарыгерге өткөрүп берүүгө же үйлөрүнө таштап келүүгө милдеттендирилди.

Буга чейин Түркмөнстанда окуу жайларда да мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынган.

Мобилдүү телефон колдонууга чектөө киргизилгени тууралуу ата-энелер жыйналышында айтылган. Анда телефон балдарга тарбия берүүдө терс таасирин тийгизип жатканы белгиленген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы мектептерде окуучуларга гана эмес, мугалимдерге да мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынганын маалымдаган.

Түркмөн бийлиги калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү улантууда.