Оюн-зоокторду кыскарталы! Министрлик вирус боюнча кыргызстандыктарга кайрылды

27 января 2020 Оюн-зоокторду кыскарталы! Министрлик вирус боюнча кыргызстандыктарга кайрылды

Учурда Кытай, АКШ жана Россиянын илимпоздору коронавирустан айыктыра турган дарыны ойлоп табуу боюнча иштеп жатканы кабарланды.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кытайда пайда болгон коронавирустан сактануу боюнча кыргызстандыктарга бир нече сунуштарды, эскертүүлөрдү берди.

Чолпонбаев Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм "эл аралык деңгээлдеги маанилүү" деген тыянак бере электигин айтып, ар бир мамлекетке алдын алуу боюнча сунуштама берилгенин кабарлады. Ошол эле учурда кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча мамлекет өзү чечим кабыл алат.

"Кыргызстандын 22 чек ара өткөрмө бекетине тепловизор коюлуп, дарыгерлер нөөмөттө турушат. Бишкек жана Ош шаарына учак менен чет жактан келген жүргүнчүлөр текшерилүүдө. Бизде алгачкы жардамды көрсөтө турган дары-дармектер жетиштүү. 3,5 миллион бет кап, 1468 халат, көз айнек, бут кийим менен камсыздалганбыз. Бул вирус боюнча 500 кызматкер окуудан өттү. Ошол эле учурда жарандарга мүмкүн болушунча эл көп чогула турган оюн-зоокторду кыскартууну сунуштайбыз. Мындай тажрыйбаны көп мамлекеттер колдонуп жатат. Анан эч уялбай эле көчөдө бет кап кийип жүрүүгө жана тамак-аштын санитардык талаптарын сактоого чакырабыз", — деди министр.

Бүгүнкү күндө Кытай, АКШ жана Россиянын илимпоздору коронавирустан айыктыра турган дарыны ойлоп табуу боюнча иштеп жатканын билдирди. Ошондой эле ал бул илдеттен 50 адам айыкканын да кошумчалады. Ал эми Кыргызстанда мындай вирусту жуктурган жарандар жок экенин белгилеп, такталбаган маалыматты таратпоого чакырды.

Соңку маалымат боюнча, Кытайда жаңы типтеги коронавирусту жугузуп алып каза тапкандардын саны 80 кишиге жетип, 2744 адам ооруп жатат.

sputnik.kg