Медведев РФ өкмөтүнүн отставкага кетип жаткан себебин айтты. Видео

16 января 2020 Медведев РФ өкмөтүнүн отставкага кетип жаткан себебин айтты. Видео

Өлкө башчынын демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык өкмөт президенттин тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк бериши керек. Мындан улам өкмөт отставкага кетти. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн президент Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жолдоп, Баш мыйзамга олуттуу өзгөрүүлөр кирерин айткан.

Видео

"Владимир Владимирович бир катар өзгөрүүлөрдү белгиледи. Алар аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлигинин балансына таасир этет. Биз, өкмөт катары, президентке айтылган нерселерди ишке ашыруу үчүн тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мындан улам Конституциянын 117-беренесине ылайык, өкмөттүн отставкага кетишин туура деп эсептейм", — деди Медведев.

Путин өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, жакын арада ар бири менен өзүнчө жолугарын айтты.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын киргизип, аны Медведевге сунуштады.

sputnik