Ирактагы Американын аскер базасына сокку урулду

15 января 2020 Ирактагы Американын аскер базасына сокку урулду

Ирактын Багдад шаарында америкалык аскерлер жайгашкан Эт-Тажи базасына ракеталык чабуул жасалды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Arab News басылмасы билдиргендей, сокку "Катюша" сыяктуу артиллериялык түзүлүш менен урулган.

Окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү дагы америкалыктар жайгашкан Балад аскер базасы ракеталык чабуулга тушуккан. Окуядан эч ким жабыр тарткан эмес.

Иран менен АКШ чатагы

Жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысы боюнча 4.20) Американын Ирактагы "Эйн-аль-Асад" жана "Эрбиле" деп аталган аскерий базаларына баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ал эми Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салган.

Дональд Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.

sputnik