Футбол борборун курууга грант бөлүнмөй болдубу? КР Федерациясынын жообу

10 января 2020 Футбол борборун курууга грант бөлүнмөй болдубу? КР Федерациясынын жообу

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азия футбол конфедерациясы (AFC) жалпы жонунан грант катары Кыргызстанга 8-10 миллион доллар бөлөрү айтылган.

Бишкектин четинде курула турган футбол борборунун биринчи этабына 3,5 миллион доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда тийиштүү документтер даярдалып жатканына байланыштуу акча качан которулуп, курулуш иштери кайсы мезгилде башталарын айтуу эрте.

"Бардык документтер даяр болгондон кийин гана курулуш иштери башталат. Башкысы грант бекитилди", — дешти федерациядан.

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азия футбол конфедерациясы (AFC) жалпы жонунан грант катары Кыргызстанга 8-10 миллион доллар бөлөт.

Футбол борбору жана анын таржымалы

Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азиялык футбол федерациясы (AFC) өлкөдө футбол борборун куруу үчүн 10 миллион доллар бөлүүнү пландап жатканы айтылган. Бул каражатка административдик кеңсе катары объект салынып, айланасына кичи оюн талаасы жана трибуналары бар эки ири оюн талаасы курулмай болгон. Ал Кыргызстан курама командасы менен "Алга" (Бишкек) клубунун спорттук базасы болору айтылган. Ал үчүн 8-10 гектар жер керектелген. Футбол федерациясы шаардын түштүк бөлүгүнөн жер алууну ниеттенген, бирок мэриянын өкүлдөрү ал жак Башкы план боюнча көп кабаттуу үй курууга каралганын айтып, документтерди өзгөртүү үчүн көп убакыт талап кылынарын билдиришкен. Кийинчерээк өлкөнүн Футбол федерациясы Сокулук районунун айыл өкмөтү менен жер алууга макулдашкан.

sputnik.kg