Америкалык режиссер Айсулуу Тыныбекова жөнүндө документалдык тасма тартты (видео)

9 января 2020 Америкалык режиссер Айсулуу Тыныбекова жөнүндө документалдык тасма тартты (видео)

Америкалык режиссер Рейчел Сайн кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова жөнүндө документалдык тасма тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, режиссер акыркы эки жылдан бери Тыныбекованы машыгууларында жана мелдештерде коштоп жүргөн.

— Ал Айсулуунун машыгууларын, жеке жашоосун тартып, дүйнө биринчилигинде биз менен чогу жүргөн. Бул Айсулуунун жашоосу, балалыгы, үй-бүлөсү жана спорттогу жетишкендиктери тууралуу тасма. Азырынча премьерасы качан болорун билбейбиз. Менин оюмча, жаштарды шыктандыра турган тасма болот, — деди Кенжебаев.

6-январда Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча Айсулуу Тыныбекова мыкты балбан кыздардын рейтингинде биринчи орунга жайгашканы белгилүү болгон.

2019-жылы 20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде алтын медалга ээ болгон. Финалда ал Болгариялык спортчу Тайбе Мустафа Юсейинди 5:3 эсебинде жеңип алган. Бул мелдештин жарым финалындагы жеңиши менен Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жолдомо уткан.

centralasian