АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын ракеталык чабуулу боюнча билдирүү жасады.
Трамптын айтымында, Иран америкалык базага анча маанилүү эмес сокку урду жана андан эч ким жабыркаган жок.
"Иран артка чегинди окшойт, бул дүйнө жүзү үчүн жакшы нерсе", — деди АКШ лидери.
Ал белгилегендей, алдын ала эскертүү системасынын арты менен эч ким жабыркаган эмес.
Трамп Вашингтон Тегеранга карата жаңы экономикалык санкцияларды киргизерин белгиледи.
Мындан тышкары, Иран террористтерге колдоо көрсөтүп жатканын айтты. Ошондой эле ал бийликте турганда Тегеран өзөктүк куралга ээлик кыла албай турганын кошумчалады.
АКШ президенти Улуу Британия, Кытай, Германия, Франция жана Россияны Иран менен жаңы келишим түзүүнүн үстүндө иштөөгө чакыра кетти.
Трамп НАТОго Жакынкы Чыгыштагы процесстерге активдүү катышууну суранып кайрыларын дагы билдирди.
"Биз силердин келечегиңер кең болсо экен дейбиз, силер ага татыктуусуңар", — деп Трамп Ирандын элине жана жетекчилерине кайрылды.
Американын Ирактагы Эйн-аль-Асад жана Эрбиле деп аталган аскерий базаларына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (4.20 Бишкек убактысы) баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салган.
Генералдын өлүмү жана өч алуу
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.