Атамбаевге тиешеси жок мүлктөр камактан чыгарылды

8 января 2020 Атамбаевге тиешеси жок мүлктөр камактан чыгарылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси жок мүлктөр камактан чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 9-13-август күндөрү Атамбаевдин 135 мүлкү камакка алынган.

"Документтер текшерилип, тергөө амалдары жүргөндөн кийин камакка алынган мүлктүн бир бөлүгү Алмазбек Атамбаевге тийиштиги жок экени аныкталып, камактан чыгарылды. Белгилей кетчү жагдай, Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын маянасы камакка алынган эмес", — дешти көзөмөл органынан.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

sputnik