АКШнын аскерий базаларына жасалган кол салуунун видеосу жарыяланды

8 января 2020 АКШнын аскерий базаларына жасалган кол салуунун видеосу жарыяланды

Ирактын батышындагы АКШнын "Айн-аль-Асад" аскерий базасына жасалган ракеталык соккунун видеосун Press TV телеканалы Twitter баракчасына жарыялады.

Видео

Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу соккуну алар жасаганын жар салган. Мындай чабуул генерал Касем Сулемайнинин өлүмү үчүн өч алуу болуп саналары белгиленет.

Ирандык Tansim агенттигинин маалыматы боюнча "Айн-аль-Асад" базасына 35тен ашуун ракета коё берилген. РИА Новостинин Ирактын коопсуздук кызматындагы маалымат булагы базага тогуздан ашуун кол салуу болгонун билдирген.

Пентагондун реакциясы
Пентагон Ирандын соккусуна карата жооп берүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт. АКШнын Коргоо министринин коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысы Жонатан Хоффман баллистикалык ракеталар менен чабуул коюлганын кабарлады. Окуя Бишкек убактысы боюнча 8-январга караган түнү саат 3.30дар чамасында башталган.

Генералдын өлүмү жана өч алуу

Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

sputnik