Куткаруу учурундагы кадрларполиция кызматкеринин көкүрөгүнө тагылган видеожетонго жазылып турган. Андан баланы муздун алдынан караңгыда тартып чыгарууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Бул учурда катуу толкунданып, эмне кыларын билбей калган жеткинчек: "Апа, мен сизди жакшы көрөм", - деп энеси менен коштошуп да алган.
Полициянын маалыматы боюнча, төрт бала ойноп жүргөн маалда муз жарылып сууга түшүп кетишкен. Окуя болгон жерге чакыруу түшкөндө капитан Куандык Сүйүндүков менен лейтенант Тимур Балмаганбетов барган. Полиция кызматкерлери жеткенге чейин балдардын бири чөгүп кетип, куткара албай калышкан.
"Куткаруучу, суучулдар издеп отуруп кечки саат 17.35тер чамасында чөгүп кеткен баланын сөөгүн табышты. Ал муз жарылган жердин 15-20 метр ары жагына барып калган экен", — деп билдирген Атырау облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысынын орун басары Асхат Ержанов.
Куткарылган үч бала 11, 14 жана 15 жашта болгон. Учурда алар облустук балдар ооруканасында жатат. Дарыгер Ризабек Хаировдун айтымында, азыркы тапта баарынын абалы туруктуу.