7 января 2020
Индиянын түндүгүндө жайгашкан Уттар-Прадеш штатынын Султанпуре шаарында май куюучу жайга келип алган каман чаң-тополоң салды.
CGTN телеканалы окуя 30-декабрда болгонун белгилеп, YouTube каналына видеосун жарыялады.
Кадрдан каман май куюучу жайдын алдында ары-бери чуркап, кызматкерлер аны темир түтүк менен уруп жайгарууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Бирок эч кимге баш бербеген жаныбар астын тоскон адамдарды да жыгылта сүзгөн.
Аталган жайдын жетекчиси бул күнү бир кызматкер жана кардар жаракат алганын билдирген. Каман андан ары барып бир кызга да кол салганы айтылат.