"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында бүлөлүү эркек менен тымызын жүргөн кыздын каты жарыяланды.
...Саламатсыздарбы? Атымды жазбай эле коеюн. Башыман өтүп жаткан окуя түшүнүксүз болуп жатат. Мындан ары эмне болорун билбейм, бүдөмүк. Ошол себептен психологго кат жазып көрүүнү туура таптым.
Жашым 27де. Жеке фирмалардын биринде котормочу болуп иштейм. Тапканым өзүмө жетет. "Окуп, иштеп, үй алып, өз алдынча болгондон кийин гана турмушка чыгам" деген принципти катуу кармандым. Бирок орто жолдон бир адамды жактырып калдым. Сүйүп калдым десем дагы болот. 24 жашымда, мындан үч жыл мурда ал адам менен кафелердин биринен таанышып калдым. Курбу кызымдын сүйлөшкөн жигитинин досу экен, көргөндө эле жактыргам.
Ал да айланчыктап жаныман чыкпай, телефон номеримди сурап, айтор, ошентип сүйлөшүп калдык. Менден сегиз жаш улуу экен. Жарым жылдай сүйлөшкөндөн кийин үй-бүлөлүү, бир баланын атасы экенин билдим. Албетте, нес болдум. Бирок андан баш тарткан жокмун, себеби аябай жакшы көрчүмүн. Ал да мени жакшы көрөрүн айтты, бирок үй-бүлөсү менен ажырашкан жок. Башында "ажырашам" деп жүрдү, бирок уулуна карап аялынан баш тарта албады. Анысына деле кийин көндүм.
Анын көңүлдөшү сыяктуумун. Анда-санда жолугуп, сагынычты таратабыз да көп убакытка чейин көрүшпөйбүз. Мындай жашоого көнүп бүттүм окшойт.
Аны унутуп башканы жактырууга аракет кылдым, жигиттер менен сүйлөшүп да көрдүм. Майнап чыкпады. Баарын эле ошол адамга салыштыра берем, ал мага идеалдуу көрүнөт.
Жашым өткөн сайын ата-энемдин, айрыкча апамдын санаасы эле мен. Апамдын оюнда мен алтын кызмын. Түз жүрөт, күйөөнү ойлобойт, эс дарты жумуш деп эсептейт. Чыныгы жашоомду билсе кантет болду экен. Иш деп жүрүп иниме там салышып, атама унаа алып бердим. Азыркы тапта өзүмдүн үйүмө акча чогултуп жатам.
Апамдар "качан турмушка чыгасың?" деп айта берип тажап, азыр өздөрү күйөө издей башташты. Жакында эле бир бала менен тааныштырышты. Экөөбүз жолуктук. Менден үч жаш улуу экен. Чакан иши бар, жакшынакай эле киши. Бирок ага көңүлүм жок. Билбейм, балким кийин сүйүп кететтирмин, бирок азыркы тапта ага жүрөгүм тартпай жатат. Оюма койсо азыркыдай эле жүрө бергим келет. Бирок, биринчиден, ата-энемдин бетин жер каратам, таарынтып алам. Экинчиден, турмушка чыгып балалуу болушум керек. А бирок тийчү адамды сүйбөсөмчү? Аны менен өмүр бою кантип жашайм? Азыркы адамды кантип унутам? Аны оюман чыгарып салуу үчүн эмне кылышым керек? Билбей калдым…
Гүлнара Жасоолова, психолог:
--Ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшүп, бактылуу болууга бардык аракетин жумшашы керек. Бирок бул окуяда кат жазган кыз менен сүйлөшүп жүргөн киши жөн гана көңүл ачып, убакыт өткөрүп жаткан жокпу? Балким, материалдык абалына да карап жаткандыр. Кандай болгон күндө дагы бирөөнүн үй-бүлөсүн бузбаш керек.
Аны күтүп бактылуу турмуш кура албайсыңар. Себеби ал үй-бүлөлүү. Качан аялы менен ажырашат деп жүрө берүүнүн өзү туура эмес. Силерди жөн гана бал тилге салып көңүлүңөрдү калтырбаш үчүн "баламды кыйбай жатам" деп койгон чыгар.
Жаш экенсиңер, убакыт барда колуңарды сурап жаткан адамга мүмкүнчүлүк берип көргүлө. Бир адамды ойлой берип, экинчи адамдын жакшы жактарын байкабай калышыңыз мүмкүн. Бирок жакшылап көңүл бурсаңар ар бир адамдын өзгөчөлүгү болот. Сүйлөшүп көрүңүз. Албетте мажбурлап, оюбузду таңуулабайбыз. Акыркы чечимди өзүңөр кабыл аласыңар. Ошондуктан колуңарды сураган адамдардын жакшы жагын көрүүгө аракет кылгыла. Жашыңар өтүп кете электе силер да балалуу болуп, үй-бүлө курушуңар керек. Ата-эне деле баласына жакшылык гана каалайт. Кийин тилиңизди тиштеп калбагандай болуп, акыл менен иш кылыңыз.
Материалдык байлыкты эч качан биринчи орунга койбош керек. Албетте, сүйүктүү адамды унутуу кыйын. Бирок убакыт дарылайт. Азыр сиз менен жүргөн адам деле балким, жакшыдыр, бирок үйүндө аны күткөн жары, баласы бар. Кийин сиз да турмушка чыгасыз. Анан жолдошуңуз башка менен жүрүп кетсе эмне кыласыз? Андыктан менин кеңешим колуңузду сурап жаткан бала менен тил табышып, анын жакшы жактарын көрүүгө аракет кылып көрүңүз. Калган чечимди кабыл алуу өз колуңузда.