Ноокенде киши колдуу болгон милиционер. Шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалды

3 января 2020 Ноокенде киши колдуу болгон милиционер. Шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалды

Ноокен райондук сотунун чечими менен Майрамбек Абылов аттуу милиционерди өлтүрүүгө шектелген киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Ал кылмыш болгондон бир нече саат өткөндөн кийин эле, 1-январда, колго түшкөн.

"Ноокен райондук соту шектүүнү эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — дешти милициядан.

Эске салсак, 1-январь күнү саат 04:15 чамасында Базар-Коргон районунун аймактык ооруканасына сол көкүрөгүнө учтуу нерсе сайылып 30-35 жаштагы эркектин сөөгү алып келинген. Анын 2013-жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келген 30 жаштагы милициянын сержанты экендиги аныкталган.

Каргаша болгон күнү жабырлануучу эс алып кызмат абалында болгон эмес. Бирок ага эки айылдаш иниси чалып, Ноокен районунун Арал айылынын Орто-Сай участогунда 2-3 бала сабап, алар талаада качып жүргөндүгүн айткан. Ошондо милиция кызматкери окуя болгон жерге жардам берүү үчүн барып, сабагандардын бирин кармаганда 25 жаштагы шектүү бычак менен сайып жиберген. 

Маалыматка караганда, маркумдун артында эки баласы калды. Ал ички иштер органдарында 2013-жылдан бери иштеп келген.

sputnik