Түнкү үчкө чейин иштешти. "Ала-Тоодон" 3 тонна таштанды чыкты

1 января 2020 Түнкү үчкө чейин иштешти. "Ала-Тоодон" 3 тонна таштанды чыкты

Жаңы жылдын түнүндө Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтынан үч тонна таштанды чыгарылгандыгын "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева кабарлады.

"Жалпысынан "Тазалыкчылар" үч тонна таштанды чыгарды. Ал үчүн 60 адам түнкү 2-3ке чейин иштеп, атайын 5 техника колдонулду", — деп билдирди Каракеева.

Маалымат катчы алдын ала 20 желим жана 10 евро деп аталган контейнерлер орнотулгандыгын кошумчалады.

Эске салсак, түндө бишкектиктердин бир тобу жаңы 2020-жылды "Ала-Тоо" аянтында орнотулган башкы балатынын жанында тосту. Буга карата салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, аны майрамдык концерт коштоду.

sputnik