Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Корей улуттук-демократия республикасы Эмгек партиясынын борбордук комитетинин отурумунда өлкөнүн суверенитетин камсыздоо үчүн саясий-дипломатиялык жана аскерий чараларды көрүү керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Борбордук телеграф агенттигине (ЦТАК) шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, ишемби күнү Ким Чен Ындын төрагалыгы алдында отурум өтүп, маанилүү маселелер талкууланган.
Буга чейин Кореяда декабрдын соңунда өлкөдөгү жана чет мамлекеттеги кырдаалга байланыштуу отурум болору айтылган. Дүйшөмбүдө экинчи пленардык чогулуштун жыйыктыктары тууралуу айтылып, ал үчүнчү күнгө чейин созулары маалымдалган.
Ким Чен Ын дүйшөмбү күнү, тагыраагы, жыйындын үчүнчү күнүнүн алкагында 7 саатка созулган көлөмдүү доклад окуп, өлкөнүн курулушу, экономиканын өсүшү жана куралдуу күчтөр тууралуу кеп кылган. Ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүү, илим, билим берүү жана саламаттык сактоо, өндүрүмдүн сапатын жана көлөмүн көбөйтүү, экологияны сактоо жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча сөз сүйлөгөн.
"Ошондой эле лидер өлкөнүн суверенитетин жана коопсуздугун камсыздоо үчүн активдүү саясий-коомдук жана аскерий чараларды көрүү боюнча даярдыктар тууралуу айтып берди", — деп айтылат маалыматта.
Ким Чен Ын революцияны толук жеңүү жана бакубат жашоо үчүн кайрадан узакка созулган күрөштү жүргүзүүнү чечкенин айтып, партияны бекемдөө, кадрлардын ролун жана моралдык кодексти жогорулатуу керектигин кошумчалаган.
Жыйын төртүнчү күнгө узартылганы маалымдалат.