Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Белоруссиянын "Неман" футбол клубунун мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу аталган клубдун сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, 2019-жылдын мыкты оюнчусун аныктоодо оюнчулардын упайы саналып, ошондой эле "Прессбол" гезитиндеги рейтинги каралган. Мындан тышкары, InStat сайтындагы аналитика, статистикалар дагы эске алынганы айтылат. Натыйжада "Мыкты футболчу" наамына кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов татыган.
Белгилей кетсек, Гулжигит — белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу. Футбол менен бала чагынан машыгып келет. "Дордой" клубунун тарбиялануучусу. 2019-жылдан тарта улуттук курама команданын мүчөсү. Кыргызстандын Мьянма жана Монголия менен болгон беттештеринде бирден гол киргизген. 2019-жылдан тарта Белоруссиянын "Неман" клубунда ойнойт.