Алматыдагы учак кырсыгы: каза тапкандардын саны 9га жетти

27 декабря 2019 Алматыдагы учак кырсыгы: каза тапкандардын саны 9га жетти

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинен Алматыдагы учак кырсыгынан каза тапкандардын саны тогуз кишиге жеткендигин билдиришти.

Эске салсак, бүгүн учак абага саат 7.05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.

Ага чейин жети киши каза тапканы кабарланган. Жабыркагандардын ичинде балдардын бар экени айтылган.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кырсыктаган курман болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

"Учак кулап каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Аларга жардам берилет", — деп жазган президент Twitter аккаунтуна.

Бортто 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү болгон.

sputnik