НАТО жаңы жылды Россияга кирип келүүгө репетиция кылуудан баштамакчы

27 декабря 2019 НАТО жаңы жылды Россияга кирип келүүгө репетиция кылуудан баштамакчы

2020-жылдын башына Европада чейрек кылымдан бери болбогон "Европа коргоочусу — 2020" деп аталган башкача жана ири машыгуулар өтөт, ал февралдан тарта башталат дешти. Негизги максат — америкалык күчтөрдү Россиянын чегине жакын жайгаштыруу.

Эксперттер мындай кадамы менен АКШнын аскер командачылыгы Калининград облусунун аймагына кирип келүүнү тесттен өткөрөрүн боолголоп жатат. Башкы логистикалык борбор Германия болмокчу. Ал аймакка америкалык аскер техникасы алып келинет да, андан соң башкы плацдарм болгон Литва, Латвия жана Эстонияга жайгаштырылат.


sputnik