Өзбекстан парламентине этникалык кыргыз аял депутат болду

26 декабря 2019 Өзбекстан парламентине этникалык кыргыз аял депутат болду

Өзбекстандын Олий мажилисине этникалык кыргыз, окумуштуу Нодира Джанибекова депутат болуп шайланды. Бул туурасында Өзбекстандагы "Адолат" социал-демократтар партиясынын сайтында кабарланды.

Ал өзүнүн «Фейсбуктагы»  баракчасына талапкер кезиндеги үгүт баракчасын жарыялаган.

facebook

Маалыматта Нодира Джанибекова Абдусаломовнанын 46 жашта экендиги, Ташкент шаарында төрөлүп, Гүлистан мамлекеттик университетин аяктаганы айтылат.

Эмгек жолун методист болуп баштап, кийин тарых жана коом таануу мугалими болуп уланткан. Андан соң өзү аяктаган университетте мамлекеттүүлүк негиздери жана укук боюнча сабак берген. Учурда улук окутуучу.

Парламенттик шайлоого "Адолат" социал-демократтар партиясынан катышкан. БШКга талапкер катары Олий Мажилиске — Мыйзам чыгаруу палатасына №74 Янгиер шайлоо округунан катталган.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, үйдүн эң улуусу, атасынын кесиби да мугалим.

Эске салсак, 2019-жылдын 22-декабрында Өзбекстанда Олий Мажилиске шайлоо өтүп, ага Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы, Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы, "Адолат" социалдык-демократиялык партиясы жана Өзбекстандын экологиялык партиясы катышкан.

sputnik