Ал Чүй облусунун Александровка айылындагы мектептин балаты майрамында шып түшүп кеткенин, Нарындагы "контейнер мектеп" бүт өлкөнү уят кылганын мисал келтирген.
"Кыргызстанда мектептерди бүт шарттар менен толук камсыздоо үчүн 3 миллиард 7 миллион сом керектелет экен. Өкмөттүн жылына мынча каражатты табары күмөн. Анткени бюджет дагы деле дефициттен чыга элек. Бирок ага карабай өкмөт ата-энелер фондун жоёбуз деп популисттик сөздөрдү айтууда. Муну уккан ата-энелер фонддорго акча бербей жатат да, кесепети баягы эле билим берүүнүн сапатына тийип жатат. Мындан улам кээ бир мугалимдер жеке мектептерге же бизнеске кетип, окуучулар жетиштүү билим албай калууда. Эгер биз азыр билим берүүгө ушундай мамиле кылып жатсак, келечекте Кыргызстанды өнүктүрө турган билимдүү балдар каяктан чыгат?" — деп суроо салды кабарчы.
Алтындан да баалуу болгон билимге салым кошкон мугалимдерди бүт шарттар менен камсыздаш үчүн маянасын Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы менен теңөө шарт экенин белгиледи.
Кабарчынын суроосу менен президент да макул экенин айтып, дүйнөлүк атаандаштыкка бир гана билимдүү, ыймандуу балдар менен гана туруштук берүү мүмкүн экенин билдирди.
"Биринчи кезекте мугалимдердин айлыгын көтөрүшүбүз керек. Биз билимдүү, ыймандуу балдарды чыгарабыз десек, аларга тарбия берген мугалимдерге шарт түзүшүбүз зарыл. Ошол үчүн маянасын 30 пайызга көтөрдүк, бул - биринчи кадам. Мына жалпы реформаларга 12 млрд. сомго жакын кетти. Буюрса, бажыдагы санариптештирүүнү ишке киргизсек, аягына чыгарсак, Салык системасын фискалдаштырсак, коррупциялык схемаларды токтотсок билим берүү тармагына каражатты көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк болот", — деди Жээнбеков.
Ошондой эле президенттикке талапкер болуп жүргөндө мугалимдерге убада бергенин айтып, айлыктары дагы да көбөйө турганын кошумчалады. Сөзүнүн соңунда Кыргызстанда эң көп айлык алган адам мугалим болушу керектигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин ата-энелер фонду тууралуу бир топ маселе жаралып, Билим берүү жана илим министрлигинин "мугалимдер акча чогултууга аралашпасын" деген буйругу чыккан. Бирок аны менен маселе чечилип калган жок. Мындан улам "өкмөт акысыз билим берүү менен камсыздай албагандан кийин ата-энелер фондунун каражаттарына көзөмөл кылып, ачык-айкындуулукту түзүп бербейби?" — деп айтышкан эксперттер. Анткени ата-энелер акчанын кайда кеткенин билбей нааразы болууда.