Нарын дарыясына кулай жаздап... Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы ирмемдин видеосу

25 декабря 2019 Нарын дарыясына кулай жаздап... Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы ирмемдин видеосу

WhatsApp каналына туннелден башка автоунааларды басып өтүп чыгып келе жаткан фура айдоочусунун аз жерден башкалардын өмүрүн алып коё жаздаган видеосу жарыяланды.

Бул ирмемдер аз жерден сууга кулап кала жаздаган, маңдай жактан келе жаткан автоунаанын авторегистраторуна жазылып калган.

https://t.me/sputnik_kyrgyzstan/41425

Видеодон жол тандабас келе жаткандыгын көрүүгө болот. Туннелге кире бергенде караңгыдан кадимки эле фура катуу ылдамдыкта келип, өз жолу менен келе жаткан жеңил автоунааны сүзүп кете жаздаган. Ири машина менен кагышкандан качкан айдоочу капыстан жолдун четин көздөй буруп жиберип, аз жерден Нарын дарыясына кулап кете жаздаганын көрүүгө болот. Башкаларды кырсыкка аз жерден кабылтып коё жаздаган фура кандай ылдымдык менен келе жатса, ошол тейде токтобостон кете берген.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан бул окуя 24-декабрда Бишкек-Ош жолунда, Кара-Көл шаарына жакын жерде болгондугун, фуранын айдоочусу Кара-Суу районунун 41 жаштагы Д. Н. аттуу жараны экенин билдирди.

"Айдоочу инспекторлорго Бишкекке жүгү жок болгондуктан шашып, жолдун каршысына чыга калгандыгын айтып берди. Ал жол эрежелерин эки пункт боюнча бузган", — деп  айтышты башкармалыктан. 

Аталган факты боюнча протокол түзүлүп, айдоочу айып тарткан. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эгерде арыздар болсо фуранын айдоочусу дагы башка айып тартарын кошумчалады.

sputnik