Президент Жээнбеков: Атамбаевдин тагдырына жүрөгүм ооруйт

25 декабря 2019 Президент Жээнбеков: Атамбаевдин тагдырына жүрөгүм ооруйт

Президент Соооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы абалына кайдыгер эмес экенин моюндады.

Өлкө башчынын айтымында, мамлекет үчүн оор болгон учурда бирге болгон адамдын мындай абалга кептелгени оңой маселе болгон жок.

"Мага мамлекеттин, элдин бүтүндүгү өз абийиримден, тагдырымдан дагы бийик турат. Өзүңөр көрдүңөр, кандай сөз айтылса дагы көңүл бурган жокмун. Мамлекетти экиге бөлгөнгө чейин барып, бийликти басып алууга чакырыктар болуп жатты. Мен токтоор деп күттүм. Баардыгы экөөбүздүн колубузда эле. Бирок аягында мени дагы, өзүн дагы, мамлекетти дагы туңгуюкка кептеп салды. Эми бардыгы мыйзам чегинде чечилет", — деди президент.

Ага карабай Атамбаевдин маселеси баары бир жүрөгүн оорутарын кошумчалады.

“Албетте, буга менин жүрөгүм дагы ооруйт, ойлоном. Мага да оңой эмес. Мен бир ууч кишинин кызыкчылыгын коргобой мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоого өттүм", — деди ал.

Президент сөзүнүн аягында келечекте ар бир иши үчүн элдин, мыйзамдын алдында жооп берүүгө туура келгендиктен, баардыгы мыйзам чегинде кыларын билдирди.

sputnik