Жээнбеков эмне үчүн Матраимов жөнүндө факты сураганын түшүндүрдү

25 декабря 2019 Жээнбеков эмне үчүн Матраимов жөнүндө факты сураганын түшүндүрдү

Мурдагы бийликтин саясий технологдору Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовду коррупциянын символу кылып коюшту. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн бийлик учурундагылар коррупция элдин кыжырын келтирерин билишчү. Андыктан Жээнбеков бийликке келгенде бул ыкманы пайдаланып жатышат.

"Бардыгыбыз коррупцияны жаман көрөбүз. Андыктан ар бир жаранды, журналистти мага аны менен күрөшүүгө  жардам берүүсүн суранам. Матраимов политтехнологдордун жардамы менен коррупциянын символуна айланып, менин атым менен байланыштырып жатат. Мен ишти аягына чыгарганга өзүм  кызыкдармын. Бардыгы ачык, айкын болот", — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, ал эмне үчүн фактыларды сураганын түшүндүрдү.

"Колубузда бар фактылар боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Жаңылары болсо бергиле, жардам керек. Юридикалык жактан тастыктоолор дагы зарыл", — деди президент.

Ошондой эле ал Матраимовдун мүлкү боюнча 13 мамлекетке сураныч кат жөнөтүлгөнүн айтты.

Мындан тышкары, президент мындан ары бардыгы ачык-айкын, күмөнсүз болуусу үчүн Бажы кызматы толук санариптештирилип жатканын, буга Россия тарап жардам бергенин кошумчалады.

sputnik