Бүгүн Бишкекте маршрутка коюп кеткен аял ошол жерден каза болду

25 декабря 2019 Бүгүн Бишкекте маршрутка коюп кеткен аял ошол жерден каза болду

Борбор калаада эл ташыган маршрутка жолдон аялды коюп кетип, ал ошол жерден жан берди. Бул туурасында окуяга күбө болгон адам Sputnik Кыргызстандын кабарчысына маалымдап, окуянын сүрөтүн салды.

Автокырсык Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде 25-декабрда, эртең менен болжол менен 8:15терде болгон. Аял киши ошол жерден көз жумган.

"Окуя болгон жерде милиция менен медиктер иштеп жатат. Маркум болжол менен 30 жаштарда экен", — деп билдирди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан аталган факты болгондугун тастыктады. Окуя болгон жерге автоинспектор жөнөтүлгөн.

sputnik