20 декабря 2019
Өмүрбек Бабанов "Республика" партиясынын лидерлигинен кеткенин аталган партиянын съездинде билдирди.
Анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев келди.
Бабанов саясий карьерасын жыйынтыктап жатканын айтты.
Аталган партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Ата-Журт" менен биргеликте катышкан.
Ошондой эле партиянын саясий кеңеши 28 кишиден 17 кишиге чейин кыскарган.