Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин сынга алып, аны аябай чоң кишилер калкалап турабы деген суроо салды.
Депутаттар бүгүнкү жалпы жыйында биринчи ар кандай маселелерди карады.
Жамалдинов Ветеринардык инспекция жеке компаниялардын бирине 16-ноябрда 5500 эшектин терисин "Торугарт" аркылуу 60 күндүн ичинде алып чыгып кетүүсүнө уруксат бергенин айтты.
"Менин колума уруксат кагазы келип түштү. Жеке фирмага 5500 эшектин терисин "Торугарт" аркылуу өткөнгө уруксат бериптир. 5500 эшек деген абдан көп. Эгер булар бул жакта союлган болсо эти кайда кетти? Ким көзөмөлдөп жатат? Кайсы жерде союлду? Эл тынчсызданууда, жаңы жылга жакын базардан кандай эт алышты да билбей калды", — деди ал.
Эл өкүлү эгер эшекти тирүүлөй алып кетсе эч кандай маселе жаралмак эместигин айтып, аны союп туруп терисин чыгарып кетип жатканын сынга алды.
"Ветеринардык инспекциянын "крышасы" аябай чоң кишилерби, түшүнбөй жатам? Канча жолу көтөрөбүз, эч нерсе болбойт. Биз көтөргөн сайын Ветеринардык инспекциянын жетекчиси ушундай уруксат берип жатат. Буга чекит коюш керек", — деди депутат.
Жамалдинов, андан сырткары, жакында эле ишти жөндөй албай жаткан инспекцияга 50дөн ашык машина берилгенин сынга алды.
"54 машина ветеринардык инспекцияга таратылды. Эми аларды минип алып эшекти издейби? Алардын иши начар болуп жатса, машина тапшырып жатабыз. Андан көрө малды эмдесин", — деди ал.
Депутат ага келип түшкөн катты укук коргоо органдарына берерин, эшектер кайсы жерде союлганын аныктоосун суранды.