Жол эрежесин бузгандар айып пулду кантип төлөй баштайт. ЖКККББ жообу

19 декабря 2019 Жол эрежесин бузгандар айып пулду кантип төлөй баштайт. ЖКККББ жообу

Жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду кантип төлөй турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев айтып берди.

Жогорку Кеңеш жол эрежесин бузгандардын айып пулун 3000 сомдон 1000 сомго чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

11-декабрда парламентте ЖКККББ жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов аталган мыйзам долбоору күчүнө киргенден тарта айып пулун төлөй электердин суммасы өзгөрө турганын айткан. Депутат Кожобек Рыспаев мыйзам иштеп баштамайынча эч ким акчаны төлөбөй коюшу мүмкүн деп болжолдогон.

"Мыйзам күчүнө киргенде айып пулу тууралуу билдирме ала электер жаңы система менен төлөйт. Эгер алар 15 күн ичинде төлөсө, 50 пайызын же башкача айтканда 500 сом гана беришет. Ошол эле учурда мамлекет эскертме бергендер бар, алар төлөшпөйт, өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты күтүшөт. Бирок булар дагы жаңы система менен төлөйт, мындан тышкары 1000 сом тууму болот", — деп түшүндүрдү Исаев.

Мыйзам долбоору жол эрежесин бузуунун сегиз түрүнө салынчу айып пулду үч эсе кыскартуу тууралуу болуп жатат. Документ кол коюу үчүн президентке жиберилген. Ал расмий жарыяланган он күндөн кийин күчүнө кирет.

sputnik