ИИМ: Алмазбек Атамбаев адам өлтүрүүгө шектелип жатат

19 декабря 2019 ИИМ: Алмазбек Атамбаев адам өлтүрүүгө шектелип жатат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын атайын даярдыктагы кызматынын башчысы Үсөнбек Ниязовдун өлүмүнө шектелип жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматта Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев жергиликтүү ЖМКлардын бирине мурдагы мамлекет башчы киши өлтүрүүгө шектелип жатканы боюнча расмий айтыла электиги боюнча маалымат бергени белгиленген.

"Буга байланыштуу ИИМ Алмазбек Атамбаевге Үсөнбек Ниязовдун өлүмүнө шектелип жатканы боюнча расмий түрдө билдирме берилгенин маалымдайт", — дешти ИИМден.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес.

Мунун кесепетинен атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, бир нече жоокер барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Эки күндөгү чыр-чатактан жалпысынан 136 киши ар кандай жаракат алган.

sputnik