Кыргыз-тажик чек арасы: сүйлөшүү учурунда милиционер ок жеди

18 декабря 2019 Кыргыз-тажик чек арасы: сүйлөшүү учурунда милиционер ок жеди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча эки тараптын чек арачыларынын, облустук администрациянын жана укук коргоо органдарынын жолугушуусу учурунда саат 11:30дар чамасында тажик тараптагылар кыргызстандыктарга таш ыргытышканын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай аракеттин кесепетинен кыргызстандыктар дагы жооп иретинде таш ыргытып, тажикстандыктарга таандык эки автоунаанын маңдайкы терезелери сынган.

Эске салсак, 17-декабрда коңшу мамлекеттин жарандары делген кишилер Көк-Таш айылына бараткан жолдо чек арага жакын жерден кыргызстандык кишини сабап кеткен. Жабыркаган адам Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бүгүн эки мамлекеттин тийиштүү органдары чогулуп, көйгөйдү жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүп жаткан.

"Андан кийин 20 мүнөттөн соң тажик тараптагылар ок чыгарып, ИИМдин ички аскерлеринин жоокеринин бири жаракат алды. Сүйлөшүүлөр токтотулду. Учурда эки тарап тең чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу максатында Баткен облусуна Башкы штабдын жетечиси — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев учуп кетти.

sputnik