Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөрдө акысыз билим ала алат? Жол-жобосу

17 декабря 2019 Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөрдө акысыз билим ала алат? Жол-жобосу

Чет өлкөлөрдө бакалавр, магистратура жана аспирантурада билимин жогорулатам дегендер үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги материал жасады. Анда гранттык негизде кайсы өлкөлөрдө билим алууга болору жана ал жактарга тапшыруунун жол-жобосу тууралуу баяндалган.

Кыргызстандыктардын акысыз билим алуусу үчүн учурда үч өлкө орун берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Алар Кытай, Венгрия жана Индия. Башка мамлекеттер менен өлкө аралык келишим бар, бирок алар азырынча сынак жарыялай элек.

Венгрия — 75 гранттык орун

Венгрия кыргызстандыктарга 2020-2021-окуу жылына карата 75 бюджеттик орун бөлгөн. Анын 30у бакалавр — айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, маалымат технологиялары, спорт жана мамлекеттик саясат багыттары боюнча берилген. Ушул эле багыттар боюнча магистратурага да 30 орун берилген. Ал эми докторантурага 15 орун берилип, каалоочулар бардык багыт боюнча тапшырса болот. Гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу бөлүнүп жатат. Ал эми тескөө иштерин "Темпус" коомдук фонду жүргүзөт.

Бул программанын талаптарынын бири — окууга тапшыра турган адамдын жаш курагы 18 жаштан кем болбошу керек.

Түзүлгөн шарттар:

акысыз окуу;

окуусун аяктаганга чейин ай сайын бакалавр жана магистратурада окугандарга 40 460 форинттен (10 миң сомго чукул) стипендия, ал эми докторантурада окугандарга 140 000 форинттен (35 миң сомго чукул) стипендия берилип турат.

жатакана;

медициналык камсыздандыруу.

Венгрияга барууну каалагандар 2020-жылдын 15-январына чейин системасына катталып, керектүү документтерин тапшырышы керек. 2020-жылдын 31-январына чейин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине документтерди кагаз түрүндө жеткирип бериши зарыл.

Керектүү документтер:

Арыз;

арыз ээсинин анкетасы;

арыз ээсинин резюмеси;

жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү (же ID картасы);

жетишкендик тууралуу окуу жай тарабынан бекитилген көчүрмө (транскрипт);

англис тилди билгендигин тастыктаган сертификаттар (TOEFL, IELTS);

үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкат;

сертификат, диплом, ардак грамоталар, макала жана илимий публикациялар (магистрант жана докторанттар үчүн) талапкердин ийгилиги тууралуу жана башка документтер;

086 формасындагы медициналык маалымкат;

СПИД менен оорубагандыгын тастыктаган маалымкат.

Кытай — 13 гранттык орун

Кытай Кыргызстандын жарандарына 2020-2021-окуу жылында акысыз окууга 13 орун берген. Анда бакалавр, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасы болуп төрт багыт боюнча тандоо жүрөт. Тандоо көз карандысыз комиссия тарабынан 2020-жылдын 9-январында эки тур менен Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтөт.

Кытайда билимин жогорулатам дегендер керектүү документтерин 2019-жылдын 30-декабры саат 17:00гө чейин Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруусу керек.

Керектүү документтер:

Арыз;

Анкета;

англис жана орус тилдеринде резюме;

паспорттун көчүрмөсү;

англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты же окууда жетишкендиги тууралуу көчүрмөсү;

кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө);

англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);

3х4 формасындагы алты сүрөт;

СПИД менен оорубагандыгын тастыктаган маалымкат;

окуу жайы тарабынан эки сунуш кат (англис тилинде);

үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

Талаптары:

"Кытай тил такшалмасы" программасын тандай турган болсо, арыз ээсинин жаш курагы 18 жаштан жогору болушу керек;

"Бакалавр" программасы боюнча — 18 жаштан 25 жашка чейин;

"Магистратура" программасы боюнча — 35 жашка чейин;

"Докторанттар" программасы боюнча — 40 жашка чейинкилер болушу керек.

Индия — алты орун

Индия менен өлкө аралык келишим жок. Бирок быйыл ал жактын элчилиги Кыргызстанга алты орун берген.

Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди Индиянын маданият мамилелер кеңешинин сайтына кирип онлайн түрүндө толтурууга тийиш.

Андан сырткары, төмөндө көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирүүсү керек. Дареги: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү, 100-А. Байланыш номери: 0312 97 92 56.

Түзүлгөн шарттар:

Ай сайын стипендия төлөнүп турат. Алсак:

Бакалавриат — 250 доллар (18 миң сомго чукул)

Магистратура — 280 доллар (20 миң сомго чукул)

Докторантура — 310 доллар (22 миң сомго чукул)

Мындан сырткары, жатаканасын төлөп берет.

Керектүү документтер:

Арыз;

паспорт;

3,5x4,5 формасындагы сүрөт;

сертификат, диплом, ардак грамоталар, макала жана илимий публикациялар сыяктуу талапкердин ийгилигин тастыктаган документтер;

окуган жеринен кат же мүнөздөмө;

Англис тилин билүү шарт, бирок тил билүү деңгээлин текшерген тест Индияда өткөрүлөт.

Документтерди толтуруп жатканда алардын көчүрмөсүн гана жөнөтүү кажет.

sputnik