Чүйдө кишинин баштыгынан 6 кг героин табылды

17 декабря 2019 Чүйдө кишинин баштыгынан 6 кг героин табылды

Милициянын маалыматына караганда, Баткен облусунан Чүйгө баңгизатын жөнөтүп турган туруктуу канал аныкталды.

Чүй облусунда кишинин баштыгынан алты килограмм героин табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Баткен облусунан Чүйгө баңгизатын жөнөтүп турган туруктуу каналды аныктоо операциясы ийгиликтүү аяктады. 

11-декабрь күнү Ысык-Ата районундагы стационардык посттон жеңил унаа токтотулган. Рулду 33 жаштагы кыргызстандык башкарып бараткан. Унаанын салонунан баштыкка салынган баңгизат табылган. 

Ал эми 13-декабрда Баткен облусунда баңгизатын жүгүрткөн каналды түздү деп 50 жаштагы киши колго түшкөн. Эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

sputnik.kg