13 декабря 2019
Милиция өз балдарын аёосуз сабап жаткан аялды издеп жатат. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Социалдык тармакта болжол менен үч-төрт жаштагы баланын жана беш жаштагы кыздын таяк жеп жаткан видеосу тарады. Видеону уруп жаткан аял өзү атайылап тарткан.
Кадрда сүйлөгөн сөздөрүнөн ал балдардын апасы экенин билүүгө болот. Бөбөктөрдү коркутуп "Атаңды чакыр, апам уруп атат, кел деп айт" деген. Бала шолоктоп ыйлаганына карабай таяктап атасын чакырышын талап кылган. Жанында отурган кызды да бир жолу чаап ийгени көрүнөт.
Бул социалдык тармактын колдонуучуларынын кескин сынына кабылып, аялды таап жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.