Момбеков Кой-Таштагы окуяга анын атын кошуп койгон мамкомиссияга нааразы болду

13 декабря 2019 Момбеков Кой-Таштагы окуяга анын атын кошуп койгон мамкомиссияга нааразы болду

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссия эмне үчүн анын атын материалга кошуп койгонуна таң калып, нааразычылыгын билдирди.

Жогорку Кеңеш жалпы жыйында 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.

Момбеков өз сөзүндө 2005-жылдагы революцияга катышканын, керек болсо анын башындагылардын бири болгонун айтты.

"Талас облустук администрациясын басып алып, адамдарды барымтага алгам. 2010-жылдагы революциянын башында болбосом дагы арасында болгом. Бирок Кой-Таштагы коогалаңда болгон эмесмин. Мени бул коогалаңга кошуп койгон экенсиңер, мен Кой-Ташты колдогон да эмесмин, ал жакта болгон да эмесмин", — деди ал.

Депутат Атамбаевге эмес акыйкатка болуша турганын айтып, Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова үнсүз макулдук берди деген мүнөздөмөнү түшүндүрүп берүүнү талап кылды.

Мамлекеттик комиссиянын башчысы, депутат Тынчтык Шайназаров Карамушкина менен Кодуранова өзүнүн кыймыл аракети жана сүйлөгөн сөздөрү менен Атамбаевди колдогонун көрсөткөнүн айтты.

"Бул жерде ЖМКдагы, башка булактардан жана тергөө органдарынан алынган маалымат менен корутунду жарыяланды", — деди Шайназаров.

Момбеков мамлекеттик комиссиянын корутундусу калыстыктан алыс болуп калганын белгиледи.

"Убакыт келет, ушул комиссиянын үстүнөн иликтеген комиссия болот. Корутунду калыс эмес, "к" тамгасы түшүп калып алыс болуптур. Курсан Асановго ордер эмес орден бериш керек болчу. А силер ордер бере тургандарга орден бериптирсиңер, ушулбу комиссиянын корутундусу? Ким ишенет ушундай корутундуга. Таяктын эки башы, ал эми адамдын бир эле башы болот да... Жок дегенде күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги тууралуу жазып койбойсуңарбы, ошончолук эркиңер болсо", — деди депутат.

Өз кезегинде мамкомиссиянын башчысы Шайназаров мамлекеттик комиссияга 20 мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирип, бардык чечим добуш берүү менен кабыл алынганын айтты.

sputnik