Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, колго түшүрүлүп, абакка киргизилген.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 244-2 ("Барымтага алуу") жана 264-беренеси ("Массалык башаламандыкты уюштуруу") боюнча айыпталып, соттук өндүрүштүн алкагында кармалды.
Экс-депутат Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында.
Белгилей кетсек, Жээнбеков парламенттин V чакырылышынын депутаты болгон. Ал эми Кой-Таш окуясына Атамбаевдин тарапташы катары катышкан.
Кош-Таш окуясы
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес. Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.
Бул ишти иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, корутундусу 12-декабрь күнү Жогорку Кеңеште талкууланды.
Ал эми Равшан Жээнбеков Атамбаевдин тарапташы катары ИИМге сурак берген.