Сүйүнчү! Ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОго кирди

13 декабря 2019 Сүйүнчү! Ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОго кирди

Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фонду Instagram баракчасы аркылуу билдирди.
instagram
Бүгүн, 12-декабрда, Колумбиянын Богота шаарында ЮНЕСКО уюмунун комитетинин мамлекеттер аралык бейзаттык маданий мурастарды сактоо сессиясы өткөн. Анын алкагында "Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты" номинациясы маданий мурастар тизмесине өткөн.

ЮНЕСКО — билим берүү, илим жана маданият жаатында иш алып барган БУУнун адистешкен мекемеси. 1992-жылы негизделген. 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

Кыргызстандын ЮНЕСКОдо катталган маданий мурастары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

sputnik