Сүлүктү: шахтада иштеп жаткан 4 киши газга ууланып каза болду

11 декабря 2019 Сүлүктү: шахтада иштеп жаткан 4 киши газга ууланып каза болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада иштеп жаткан төрт киши каза болду. Бул маалыматты ӨКМ тастыктады.

Окуя бүгүн, 10-декабрда, болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” ЖЧК шахтасында газ чыккан. Кырсыктын кесепетинен шахтанын 4 жумушчусу ууланып каза тапкан.

Куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп бергени айтылат.

Жерине ӨКМдин 6 куткаруучусу тартылган.

sputnik