Укмуш! Кызынын эмчек сураганын уккан эне комадан ойгонду

9 декабря 2019 Укмуш! Кызынын эмчек сураганын уккан эне комадан ойгонду

Аргентинада 42 жаштагы Мария Лаура Феррейро эки жашар кызынын эмчек сурап жаткандыгын угуп, комадан ойгонгон. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.
Мария бейтааныш мотоциклчен киши кол салгандан кийин ооруканага түшүп калган. Ак халатчандар анын жашап кетерине ишенген эмес. 30 күндөн соң кызды энесинин көкүрөгүнө жаткырышканда бала бир нерселерди сүйлөп, эмчек издеген. Үн-сөзсүз жаткан аял ошол учурда үстүндөгү жабууну колу менен сыйрып салып, кызын бооруна кыскан.

Аларды карап турган күйөөсү менен эки баласы ишенип-ишене албай бир саамга карап турушкан. Андан эки апта мурда дарыгерлер аялдын мээси иштебей кала электе анын органдарын донорлукка кайрымдуулук катары берүүнү сунуштаган. Бирок күйөөсү жубайым сакайып кетет деген ишенимин жоготкон эмес.

Жергиликтүү бийлик кол салды деп шектелген кишини кармап, камаган.

sputnik