Оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанга ташып кирүүгө тыюу салынган. Бирок ал мыйзамдын айрымдарына тиешеси жоктой. Анткени мындай машиналарды каттап берген фактылар чыгууда. Бул боюнча Мамкаттоо кызматынын берген жообу жөнөкөй адамды эле эмес, устаны да таң калтырды.
Быйыл октябрь айында окурман Бишкектин көчөлөрүндө жүргөн оң рулдуу эки автоунааны видеого тартып "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына жөнөткөн. Ал ушул эле машиналарды CarСheck порталынан текшергенде "рулу сол жакта жайгашкан" деп чыкканына таң калган. Кызыгы, экөө тең 2019-жылы катталган экен.
Биз дагы көрсөтүлгөн автоунаанын номерин CarCheck (Мамкаттоонун транспорт каражаттары боюнча маалыматтык сервиси) порталынан текшерип көрүүнү чечтик. Анда жогорудагы фактылар тастыкталып, биринчи автоунаа ушул жылдын 15-августунда, экинчиси 30-августта каттоого алынганы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды сырттан алып келүүгө 2015-жылдын жай айында эле тыюу салынган. Өкмөт мындай машиналар катышкан жол кырсыгы көп болуп жатканын жүйө келтирип, каргашаны азайтууну көздөгөн.
Түзүлгөн кырдаалдын чоо-жайын билүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) видео далилди тиркеп, расмий сурам жөнөткөн.
Ал арада УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Унаа" мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн адисин кармады. Ал жең ичинен сүйлөшүп ар бир машинанын ээсинен 100-200 доллардан алып, оң рулдуу экенине карабай каттоого койгон деп айтылууда. Мындай жол менен 10 автоунаа катталган. Белгилей кетсек, ушу тапта транспорт каражаттарынын бардык түрүн "Унаа" мамлекеттик мекемеси каттайт. Бул ишкана былтыр 21-декабрда негизделген. Учурда аны Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү башкы кызматынын экс-начальниги Алымжан Козубаев жетектейт.
...Документ алгандан кийин кайра рулун алмаштырып коёт
Редакциянын сурамына МКК төрагасынын орун басары Урмат Кожомбердиев жооп берип, бул боюнча кызматтык иликтөө жүргөнүн билдирди. Анын келтирген жүйөсү таң калычтуу болду.
"Автоунаалар ЕАЭБдин курамына кирбеген өлкөлөрдөн келип жатат. Япониядан чыгарылган оң рулдуу унааларды соң тарабына которуп Грузия аркылуу Кыргызстанга алып келишүүдө. Аны кандай шартта, кайсы жерде жасаганы белгисиз. Бажы декларациясы толтурулуп, транспорттук коопсуздугу боюнча күбөлүк берген сыноо лабораториясынан өтүп, андан соң "Унаа" мамлекеттик мекемесинде каттоого алынат. Бардык документ унаа ээсинин колуна тийгенден кийин рулун кайра оң тарапка которуп алууда", — деп айтышты Каттоо кызматынан.
Ошондой эле Мамкаттоо "Эгер заводдон оң рулдуу болуп чыгып, кийин алмаштырылган болсо, сыноо лабораториясы эмненин негизинде коопсуздук күбөлүгүн берип жатат?" деп суроо узатып, Экономика министрлигинен жооп алганын айтат.
"Эгер машинанын конструкциясы өзгөртүлсө, эки документтин негизинде каттоого болот. Биринчиси — конструкциясы өзгөртүлгөнү боюнча күбөлүк. Аны жол кыймылы коопсуздугу тармагын тескеген мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнөн алышат. Экинчиси — машинанын конструкциясынын коопсуздугу боюнча күбөлүк. Аны атайын аккредитацияланган сыноо лабораториясы берет", — деп түшүндүргөн министрлик.
Ошондой эле Экономика министрлиги рулу сол тарабына жылдырылган машиналар Бажы биримдигинин техникалык регламентине дал келсе сатууга уруксат берилерин белгилейт. Бул регламент 2015-жылга чейин каттоодон өткөндөргө гана тиешелүү. Ал эми сырттан алып келинген автокөлүктөр бул категорияга кирбейт.
Лаборатория автоунаанын кийинки тагдырына жооп бербейт
Экинчи документтеги машинанын конструкциянын коопсуздугу жөнүндөгү күбөлүктүн берилиши боюнча Sputnik Кыргызстанга сыноо лабораториялардын бирининин жетекчиси Замирбек Сатыбалдиев төмөндөгүндөй түшүндүрүп берди.
"Автоунааны Кыргызстанга алып келгенде сол рулдуу катары бажыдан өткөрөт. Мындай машиналар белгиленген талаптардын баарынан өтөт. Биз сол рулдуу машинаны текшергенде регламентке жооп берсе, корутунду беребиз. Эгер дал келбесе, кемчиликтерин жазабыз. Бирок каттоодон өткөндөн кийин унаа ээси рулун кайра оң тарапка которуп алса, аны текшерүү биздин милдетибизге кирбейт", — деди Сатывалдиев.
Муну менен ал лаборатория автоунааларга күбөлүк берилгенден кийинки тагдырына жооп бербей турганын билдирүүдө.
Руль алмаштыра берүү реалдуулукка жакындайбы
Мамкаттоонун келтирген жүйөсү канчалык чындыкка дал келерин билүү үчүн автоунаа оңдоп иштегендерге кайрылдык. Усталардын бири кырдаалды түшүндүрүп берди.
Ал рулду кайра-кайра алмаштыра берүү унаа ээси үчүн пайдасыз жана машакаттуу экенин айтат.
"Бир автоунаанын рулун оңдон солго которууга үч күндөн бир жумага чейинки убакыт талап кылынат. Баасы 1500-2000 долларга чейин болот. Грузия, Азербайжан аркылуу ташыган чоң бизнесмендер бул өлкөлөргө кирүүнүн алдында рулун сол жагына алмаштырып, айдап келишет экен. Солдон кайра оңго которууга дагы 1000 доллардай керектелет. Бирок анын эмне кереги бар? Менимче, мындай кадамга эч ким деле барбайт болуш керек", — деди уста.
Ошондой эле ал ишкерлердин дагы бир жашыруун амалы менен бөлүштү. Көрсө, кээ бирлери жол кырсыгында талкаланган унааларга "экинчи өмүр" беришет экен.
"Урулган, бузулган оң рулдуу машиналарды чет өлкөдөн Кыргызстанга тетик катары алып киришет. Бирок аны оңдоп жүргүзөт да, жол кырсыгына кабылып жараксыз болуп калган, окшош үлгүдөгү унаанын документин сатып алат. Баасы 500 доллардын тегерегинде. Машинаны документтеги мүнөздөмөгө ылайыктап жасайт. Муну менен ошол унааны кайра оңдоп чыккандай болуп калат", — деп түшүндүрдү уста.
МКК кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында шек жараткан коррупциялык схемаларды аныктоо жана автоунааны каттоодогу башаламандыкты жоюу үчүн өкмөткө мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштаган.
Анын курамына Экономика, Юстиция жана Ички иштер министрликтеринен, Мамлекеттик бажы кызматы, Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан өкүлдөрдү кийирүүнү өтүнүп жатат.
Кыргызстандыктар 15 өлкөнүн унаасын айдайт
Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий маалыматы боюнча Кыргызстанга машина бери жагы Армения, ары жагы Бириккен Араб Эмирлигинен ташып келинет.
Россия
Корея
Литва
Грузия
АКШ
Германия
Кытай
Польша
Бириккен Араб Эмирлиги
Белоруссия
Казакстан
Армения
Япония
Нидерланды
Дания.