Москвалык кароолор: эмнеге талибдер Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөргө келишти

12 ноября 2018 Москвалык кароолор: эмнеге талибдер Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөргө келишти

Серепчилер уникалдуу жолугушуунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылышты

Орусиянын борборунда бешинчи күнү, 9-ноябрда, Ооганстан боюнча кеңешмелердин Москвалык форматынын жолугушуусу башталат. Мындай деңгээлдеги расмий сүйлөшүүлөрдө Орусияда тыюу салынган Талибан кыймылынын өкүлдөрү катышып жатат. Серепчилер айтып бергендей, талибдер расмий деңгээлде өздөрүнүн талаптарын айтышы жана дүйнө эле алар менен “эсептетиши” керек болгондуктан, кеңештерди колдонууга аракет кылып жатышат. 

Азыркы жолугушуу буга чейин жылдырылып, кийинкиге калтырылып келген. Бир столго расмий оогандын өкмөтүнүн жана ага каршы күрөшкөн талибдердин өкүлдөрүн отургузуу – оңой иш эмес. Өзгөчө согушкерлер Кабулду Вашингтондун марионеткасы деп эсептеп, Америка менен түз сүйлөшүүлөрдү талап кылып жаткан фактыны эске алганда.

“Талибандан” азыркы сүйлөшүүлөрдө кыймылдын Дохадагы бөлүгүнүн өкүлдөрү катышып жатат. Кабул Ооган дүйнөсүнүн Жогорку кеңешинин өкүдөрүн жөнөттү. Вашингтон дагы ал жакка өзүнүн байкоочуларын жөнөттү. Ошондой болсо да, серепчилер Дүйнөнүн жогорку кеңеши – бул өкмөттүн өкүлү эмес, ошондуктан сүйлөшүүлөргө Кабулдун катышуусу – өтө шарттуу. Кандай болсо да, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өздөрүнүн позицияларын гана билдиришет: биргелешкен деклорацияга кол коюу алдын ала пландалган эмес.  

“Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун жыйынтыгы боюнча Оооганстанда кырдаал өзгөрүшүн күтүү кызык болмок, - деп белгиледи Азыркы Ооганстанды изилдөө борборунун жетекчиси Омар Нассер. – Бирок, бул уникалдуу окуя, мында Талибан кыймылынын өкүлдөрү жана Ооганстандын өкүлдөрү бир столдо отурушат жана аларда жок дегенде кулуарларда бири-бири менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Ушул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, тараптар түз сүйлөшүүлөрдү баштоого жакындайт дегенге бардык негиз бар. Бул тынчтык үчүн олуттуу кадам”.

Бирок, бул жолдо тоскоолдуктар бар. “Талибандын өкүлдөрү бир нече жолу өлкөдөн чет элдик аскерлер толук чыгарылса гана тынчтык жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүн болорун бирдиришкен, - деп кошумчалады Омар Нессар. – Ооган өкөмтү үчүн мындай позиция такыр жарабайт. Бул туюк айлана болуп калат. Бирок, ушул регионалдык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жана кеңешүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча туңгуюктан чыгууга жол табылышы мүмкүн”.

“Азыркы Москвадагы жолугушуу – бул, албетте, саясий кароолор, - деп эсептейт саясат таануучу жана чыгыш таануучу Андрей Серенко. – Талибан өзүнүн максаттарын жашырган жок: ал кандайдыр бир макулдашууга жетишүүнү пландабай турат. Ушул жолугушуунун максаты ооган каатчылыгы боюнча пикир бөлүшүү болуп саналат. Башкача айтканда, Талибан ушул аянтчаны өзүнүн пикирин эл аралык деңгээлде айтуу үчүн колдонуп жатат. Кеңешүүлөрдүн сенсациялуулугу анда макулдашууга жетишүү эмес, Москвада биринчи жолу талибдер мыйзамдуу статуста пайда болгондугунда.

Бирок, алар тынчтыкка жетүүнү каалабай турат. Ага кандай жол аркылуу: согуш аракеттери менен жетүү керекпи, же тынчтык жөнүндө сүйлөшүү оюндары менен жетүү керекпи – бул үчүнчү иш. Бул маселени Талибан эл аралык коомчулуктун пикирин өзүнө буруу менен чечүүгө аракет клыып жатат. Кыймыл өзүн ар кандай өлкөлөрдөн келген сыйлуу адамдар менен сүйлөшүүлөр столунда отурган көрүнүктүү күч катары көрсөткүсү келип жатат.    

Экинчи максаты – бул келечектеги сүйлөшүүлөрдө америкалыктардын ийкемдүү болуусу үчүн, аларга басым жасоо. Ооган маселесин чечүү бүгүнкү күндө толугу менен АКШдан көз кранды экендигин алар жакшы түшүнүшөт. Расмий кабулдун өкмөтү азыр американын колдооусу менен гана кармалып турат.

Орусия үчүн мындай жолугушуу репутациялык мааниге ээ. Мен биздин дипломаттар кандайдыр бир кереметке жетебиз деп күтүп тургандыгына ишенбейм. Бул баарынан мурда Вашингтонго каршы багытталган маанилүү саясий демарш. Америкалыктар үчүн Ооганстан – чоң жара, ал эми Орусияда ушул жараны жок кылууга мүмкүнчүлүк пайда болду. АКШ эч сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албай жаткан талибдерди Орусия өзүнө чакырып алды. Бул чоң саясий ийгилик, бирок аны такыр конкреттештирүүгө мүмкүн болбойт. Талибдер канда гана барбасын, ал жакта көпкө кармалышпайт”.

Булак: https://www.mk.ru/politics/2018/11/09/moskovskie-smotriny-zachem-taliby-priekhali-na-peregovory-po-afganistanu.html?fbclid=IwAR2AqeU1ataBxLyKXNEdQSuobWoj9PhSfJ-eZ45hOtItArQeCD_3qKqoQMY