Жигиттин кейпин кийген кыз эки жыл курбуларын алдап келген, ал тургай төшөктө дагы...

27 ноября 2019 Жигиттин кейпин кийген кыз эки жыл курбуларын алдап келген, ал тургай төшөктө дагы...

Бул үчүн 27 жаштагы алдамчы акырын чыккан үн менен сүйлөп, көкүрөгүн бинт менен таңып келген.

Секс менен алектенүү үчүн жигит болумуш болуп, өз курбуларын алдап жүргөнү белгилүү болгондон кийин, 27 жаштагы Гейл Ньюленд аттуу айым сексуалдык зомбулукка айыптуу деп табылды. Бул үчүн кыз эркектин жагымдуу үнү менен сүйлөп, жасалма пенис тагып, ошондой эле көкүрөктү тартып туруучу ич кийим кийип жүргөн. Ошондой болсо да, ушундай кебетеси менен Гейл кыздардын бирин эки жыл бою алдап келген, деп кабарлайт Lad Bible.

2018-жылы Гейлди түрмөгө 8 жылга кесишет, бирок көп өтпөй сот өз чечимин жокко чыгарылып, ишти кайрадан карап чыгууну талап кылган. Ошентсе да, кайра териштирүүнүн жүрүшүндө сот кайрадан кызды сексуалдык зомбулукка күнөөлүү деп тапкан.

Алданып калган курмандыктардын биринин айтымында, Гейл Фейсбукта эркектин ысымы менен жалган баракча ачып, ал жерге башкалардын сүрөтүн жүктөп турган. Анын сөзү боюнча, кыз көкүрөгүн бинт менен жашырган жана шымынын ичинен жыныс мүчөнүн протезин кийип жүргөн. Ал эми Гейл өзү кыздар анын чынында кандай экенин билишкен жана мунун баары жөн гана оюндун бөлүгү болгон деп ишендирүүдө.

Курмандыгы болгон кыздын айтымында, алар он жолу жолугушкан жана телефон аркылуу 100 сааттын тегерегинде сүйлөшүшкөн. Ошондой эле, Гейл дагы үч аялды алдаганы аныкталган.