Кытай жараны өз ата-энесин, андан кийин 17 күбөнү өлтүрдү

26 ноября 2019 Кытай жараны өз ата-энесин, андан кийин 17 күбөнү өлтүрдү

2018-жылдын сентябрь айында 19 адамды өлтүргөн Юньнань правинциясынын жаранына сот өкүм чыгарды. Өз ата-энеси менен окуяга күбө болгон 17 адамдын өмүрүн кыйган кылмышкер өлүм жазасына кесилди.

28-сентябрь күнү 28 жаштагы Ян Цинпэй Хуэйцзэ аймагына караштуу айылдагы ата-энесиникине келет. Алардан акча сурап, ортодо келишпестик жаралган. Ошондо Ян энеси менен атасын өлтүрөт. Кылмыштын бети ачылып калат деп корккон ал 17 коңшусунун өмүрүн кыят. Ал эми кылмыш эки күндүн ичинде аныкталган.

Ян колго түшкөндөн кийин күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Кылмышкердин аппеляцияга бере турган ою жок.