Ата-энеси турмушка берер алдында кызынын таза эмес экенин билген соң, өзүндөрүнө кол салды

18 ноября 2019 Ата-энеси турмушка берер алдында кызынын таза эмес экенин билген соң, өзүндөрүнө кол салды

Ата-энеси кызы үчүн намыстанып өздөрүнө кол салды. Кызын башкалар куткарып калышты.

Окуя Тажикстандын Канибадаме шаарында болду. 42 жаштагы Муроджон менен Шоирахон Ганиевдер өз өмүрүн кыйып, каза болушту. Алар 13-август күнү кызын күйөөгө узатмак. Бирок, медициналык текшерүү кезинде кызынын таза эмес экени белгилүү болгон.

Атасы 13нөн 14нө караган түнү үйүнө келип асынып алган. Энеси эртеси күнү кызын ээрчитип, Ферган каналына барып сууга чөгүп өлмөк болгон. Кызды жакын арада жүргөн адамдар куткарып калышкан. Энесин куткаруу мүмкүн болгон эмес.

Жубайлардын өлүмүнүн анык себеби айтылган жок. Журналист Махмуди Ашурмахмад маркумдар кызын текшерүүдөн өткөргөнүн, ал таза болбой чыкканына ачууланганын айтат.

Тажикстанда никелешер алдында кызды текшерип, кыздыгын аныктайт. Башка да жугуштуу оорунун бар-жогун текшерет. Эгер келин таза болбосо, үйүнөн кууп жиберет. Өз ата-энеси да кабыл албайт. Андан ары өмүр бою кыздын бетине кара так түшөт. Исламда зина (ойноштук) кылуу, никесиз жыныстык катнашка баруу күнөө болуп саналат.