Жигитиң чет өлкөлүк болсо, үйлөнүү тойго чейин секс менен алектенүүгө болобу?

14 ноября 2019 Жигитиң чет өлкөлүк болсо, үйлөнүү тойго чейин секс менен алектенүүгө болобу?

“Салам! Кыздардан сурайын дедим эле, кимдин жигити же күйөөсү чет өлкөлүк жана алар үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнаш менен алектенбейт деген чынбы? Мен кызмын, жакында бир англичан менен таанышып, бир-эки жолу жолугуштук. Үчүнчү жолугушууда ал секстин четин чыгарды. Мен күйөөгө тийгенге чейин туш келген менен эле жата бергим келбестигин айттым. А силердин жигиттиңер позицияңарга кандай карашат жана мусулман кызга күйөөгө тийгенге чейин жыныстык катнашка барууга болбойбу деп сурайын дегем”, - деген билдирүүнү окуп калдым.

Анда жигит кызга турмуш куруу жөнүндө сөз айткан эмес, ал ага секстин четин гана чыгарган. Бул жерде кандай чечим болсо да, кыз өзү чыгарышы керек. Ал эми бөлөк улуттун салты да башка болот. Анан калса, мусулман кыздарга мусулман эмеске күйөөгө тийгенге болбойт деген сөз бар эмеспи.

Ким билет эртеңи кандай болорун, балким ойноп, колдонуп, таштап кетет чыгар. Кээ бирөөлөр “Мусулмандарга кыз-жигит болуп жүргөн арам! 3 жолу жолукса болот, колун кармабаш керек. Күйөөгө кыз болуп тийгиле, сен бир гана эркек үчүн болушуң керек” айтып чыгышы мүмкүн. Дагы башкалары “Динге ишенбегендиктен, күйөөгө жетпей намысын жоготуп жатышат” дешет.

Бирок, кандай болсо да, эгер сен каалабасаң, кептин төркүнүн ачык айтып көр, алар башка адамдардын принцибин сыйлашат. Баарын жөн гана түшүндүр, ал каршы болбойт деп ойлойм.