Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев орус жана украин лидерлеринин жолугушуусун Казакстанда өткөрүүнү сунуштап, буга Владимир Зеленскийдин макулдугун алганын билдирди.
— Мен Зеленский менен макулдашып, бул тууралуу Орусиянын президентине кабар бердим. Нейтралдуу аянтча керек болсо Казакстанга келгиле деп сунуштадым, — деди Назарбаев.
Азырынча Киев менен Москва бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Күн мурун Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко Зеленский Орусия менен өлкө аймагында адамдар курман болбогондой мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк издеп жатканын билдирген.
Донбасстагы согушту токтотуу Владимир Зеленскийдин шайлоо алдындагы убадаларынын бири болгон. Акыркы айларда Киев жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн «Норманд форматында» саммит өткөрүүгө аракет кылууда. Бирок азырынча жолугушуунун так датасы аныктала элек.