Ишкер Айеркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн.
Стамбул шаарында ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган үч кишинин экөө кыргызстандык экени айтылды. Ал эми бирөө Сириянын жараны болгонун Haberler басылмасы жазды.
Ага ылайык, шектүүлөр Түркиянын Адана аймагынан Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган учурда колго түшкөн.
ЖМКлардын жазышынча, колго түшкөн кыргызстандыктардын аты-жөнү Хусейин Ахматалиев жана Абдуллах Энвер. Шектүү катары кармалган сириялыктын аты Али Исбех.
Кыргызстандыктар тууралуу маалыматты тактоо үчүн КРдин Тышкы иштер министрлиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Белгилей кетсек, ишкер Айеркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.
Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, консулдук номер жасалма болуп чыккан.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары бул автоунаа Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна тийиштиги бар экенин жазып чыгышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо машинага тагылган номер кимге таандык экени такталып жатканын маалымдаган.